www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын укук коргоо органдары кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүп, өзүн «каралар дүйнөсүнүн өкүлү» деп атагандарга карата чараларды улантууда. Бул тууралуу Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган Уланбек Авазов Россия Федерациясынын Люберцы шаарында кармалды. Аны Кыргызстандын жана Россиянын ички иштер органдары биргеликте кармап, жанынан курал-жарак табылганы айтылды.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, ал Россияда өзүн кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү катары көрсөтүп, мыйзамсыз аракеттерге барган.

Укук коргоо органдары чет өлкөдө жүргөн жарандарды мыйзамсыз басым-кысым же акча талап кылуу фактыларына туш болсо, дароо тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, мындай аракеттерге баргандар кайсы жерде жүрбөсүн жоопко тартылары эскертилди.

Последние новости