www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске 4 жылдын жүзү болду. Териштирүү иштери бүтпөй Чубактын кунундай созулуп кетти. 

Албетте, маселе иштин татаалдыгында эмес. Кептин баары соттук териштирүү маселеси саясий өңүт алып кеткенинде болуп жатат. Атамбаев менен Жээнбеков ортосундагы тирештен улам, сот кайсы тарапка тараза ташын оодарышты билбей башы катып, ишти чоюп жатканы сокурга дагы көрүнүп турат. 

Андыктан, бийликтин "баарын мыйзам чегинде чеч" деген бир гана ишараты жылдап созулуп келе жаткан ишке чекит коёт. Бирок, бийликке деле Кой-Таш окуясы арабөк абалда ары эмес, же бери эмес салаңдап турганы кызык окшойт. Болбосо, Садыр Жапаров бийликке келгени эки жарым жылдын жүзү болду, эмдигиче аягына чыгарып койсо болмок. Бул жерде бийлигин кандайдыр бир шарт менен Жапаровго өткөрүп берген Сооронбай Жээнбековдун таасири күчтүү болуп жаткандай... 

Себеби, чындап мыйзамдуулук өкүм сүрүп, адилет териштирүү болуп, акыйкат чечим чыгарылса, коомго белгисиз көп былыктар ачыкка чыгып кеткени турат. 

Маселен, Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө барган УКМКнын атайын багыттагы жоокерлеринин командири Үсөн Ниязбековдун өлүмү боюнча чындык ачыкталмак. Ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кылмыш жоопкерчилиги каралмак. Мыйзамсыз кылмыштуу буйруктары үчүн абакка отурушмак. Бул жиптин учу Сооронбай Жээнбековго такалмак. Натыйжада, картина коомго түшүнүктүү болмок. 

Тилекке каршы, буга азыркы бийлик кызыкдар эмес көрүнөт. Болбосо, баары айдан ачык тергелип, ар ким кылмышына жараша жазаларын эчак алышмак. Кылмыш иши бир тараптуу тергелип, Атамбаевди сатпаган тарапташтары гана айыптуу саналып жылдап сотто сүйрөлүп жүрүшпөйт эле...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости