www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу жакында бир катар өлкөлөрдө башаламандык болорун болжолдошууда. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги жазды.
"Украинадагы окуялардан жана Батыштын Москвага каршы санкцияларынан улам азык-түлүктүн кымбатташынын кесепети эми чындап билине баштайт. 2022-жылдын акырына чейин 100 миллиондон ашык адам ачарчылыкка кептелип, жарандык толкундоолор Жакынкы Чыгыш менен Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө башталышы мүмкүн", — деди Канададагы Делхузи университетинин профессору Сильван Шарлебоа.
Анын айтымында, бай мамлекеттер азык-түлүктүн ири запасын камдап алууга умтулуп, көптөгөн өндүрүүчү өлкөлөр экспортту чектей башташы мүмкүн.
Ошондой эле дүйнө коомунун көңүл чордонунда турган Украина менен Россия бир топ маанилүү тамак-ашты, мисалы, буудай, суу май, жүгөрүнү экспорттоо боюнча алдыңкы орундарда турганы айтылат. Ал тургай Россия жер семирткичтердин экспортеру катары дүйнөдө үчүнчү сапта.
Булак: NazarNews.kg