www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун эксперттери Президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов менен УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге барып жолугушту. Бул тууралуу аталган уюм ЖМКларга маалымдады.

Алардын айтымында, камакка алынган адамдар камактын шарттарына жана кызматкерлерине нааразы эмес.

Белгилей кетсек, алар дагы деле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганы такталды. Азырынча СИЗО-1ге өткөрүлүп бериле элек.

Эске салсак, баш коргоо чарасы үй камагына өзгөрүлгөн Темирлан Султанбеков гана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун атына арыз жазып, анда атайын даярдыктагы аскер кызматкери аны кыйнап коркутканын, ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенде, милиция кызматкерлеринин бири аны сабап салгандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости