www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырчынга чейин акысыз транспорт уюштурулат

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети Президенттин иш башкармасы менен биргеликте Кырчынга чейин акысыз шаттл-бас уюштуруу маселесин иштеп жатат. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев «Кырчын» этношаарчасынын бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, Кырчындын аймагына жеке автотранспорт менен кирүү чектелет.

Мамбеталиев коноктор унааларын калтыра турган 6-7 жер уюштуруу пландалып жатканын айтты. Ал жерден «Кырчын» этношаарчасына чейин жана кайра артка жеткирүүчү акысыз шаттл-бас каттайт.

«Унаа токтотуучу жайлар кайтарууда болот», - деп кошумчалады министр

Последние новости