www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-июлда Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда кыргыз мал чарбачылыгы үчүн маанилүү окуя болуп, ак түстөгү кыргыз топозу «Кыргыз ак топозу» аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү.

Жаңы породаны мамлекеттик каттоо тууралуу буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол койду.

Ал бул чечим асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

Жаңы породаны түзүүдө Социалисттик Эмгектин Баатыры, белгилүү селекционер Таштанбек Акматовдун эмгеги өзгөчө белгиленет.

Анын ак топоздорду селекциялоо боюнча көп жылдык ишмердүүлүгү жаңы породанын калыптанышына негиз болду.

Адистердин, окумуштуулардын, асыл тукум чарбаларынын жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин натыйжасында 2014–2026-жылдары бийик тоолуу шарттарга ылайыкташкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы чыгарылган.

Илимий изилдөөлөргө ылайык, «Кыргыз ак топозу» жогорку тирүүлөй салмагы, төл алуу көрсөткүчү жана жаш малдын сакталышы менен айырмаланат.

Мындан тышкары, анын сапаттуу ак жүнү жана тыбыты текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат.

Адистердин белгилешинче, жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Последние новости