www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эстрадасынын белгилүү өкүлү, музыкант, обончу жана «Максат-Баткен» вокалдык-аспаптык тобунун негиздөөчүсү Рустам Абдырахманов 58 жаш курагында дүйнө салды.
Рустам Абдырахманов 1968-жылы 9-июнда Баткен шаарында төрөлгөн. Ал 13 бир туугандын жетинчиси болгон.
Мектепте окуп жүргөн кезинен тарта музыкага кызыгып, агайы Таалайбек Шайдуллаевдин жетекчилиги астында «Нур» эстрадалык аспаптык тобун түзгөн.
Кийинчерээк «Максат-Баткен» музыкалык тобун негиздеп, аны республикалык жана эл аралык деңгээлге чыгарууга салым кошкон. Топтун курамында жаралган чыгармалардын арасында эл сүйүп уккан «Баткеним», «Сенсиз жаным», «Нуриза», «Түгөйсүз», «Лейла», «Кош бол сүйүүм», «Сен жана мен», «Жанна» аттуу ырлар бар.
Абдырахманов музыкант гана эмес, мыкты уюштуруучу жана музыкалык менеджер катары да таанылган. Анын чыгармачылык жолунда топтун мүчөлөрү менен биргеликте көптөгөн чыгармалар жаралган.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Рустам Абдырахмановдун ден соолугу начарлап, ооруканада дарыланып жаткан. Ал 13-июлда көз жумган. Буга чейин боор оорусу менен жабыркап, бир нече жолу дарыланган.
Акыркы жылдары ал диний багытта да иш алып барып, коомчулукту туура жолго үндөп, азанчы кызматын аткарып келген.
Рустам Абдырахмановдун артында эки уулу, бир кызы жана төрт небереси калды.
Анын чыгармачылыгы жана Баткен маданиятына кошкон салымы коомчулукта эскерилип, жакындарына көңүл айтылууда.