www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Too кырка тоосунун аймагында, Кожояр айылынан түндүк-батышты карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан түндүк-батышты карай 49 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Ак-Булуң, Ак-Булак, Балбай, Шаты, Ичке-Суу, Күрмөнтү, Корумду жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллга чейин сезилген.