www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пункту реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, Таластын Манас районундагы "Чоң-Капка" чек ара бекетин оңдоого 70 миллион сомдой кеткен.

Чек ара кызматынын төрага орун басары Данияр Сатимовдун айтымында, жаңы салынган жай көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт.

"Заманбап инфратүзүм көзөмөлдүн сапатына жана өткөрүү пунктунун өткөрүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет. Жарандар жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу болот, — деди ал.

Последние новости