www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 12-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген макулдашуу менен Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунда жайгашкан "Эркечтам" чек ара пунктунда узундугу 187 метр болгон көпүрө куруу каралган. Көпүрөнү кытай тарап курат, курулуш аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, ошондой эле теңдик принциптеринин жана макулдашылган консультациялардын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.