www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкананын базасында санариптик автоматташтырылган системалар киргизилгени кошумчаланды.

"Кыргыз почтасы" дүйнөлүк рейтингде үч жылдын ичинде 98-орундан 29-орунга чыккан. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз почтасы" 2020-жылы дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкөлөрдүн рейтингинде 98-орунда болгон.

"Ишкана 2021-жылы 65-орунга, 2022-жылы 60-орунга көтөрүлгөн. Ал эми былтыр 29-сапка чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Мындай натыйжа мекеменин инфраструктурасын, тейлөөнү жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруудан улам болгону белгиленди.

"Трансчекаралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык жүк алмашууну тездетүү үчүн Кыргызстан жана Кытайдын почта кызматтарынын транспорт каражаттары үчүн "жашыл коридор" түзүлгөн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн тез жана натыйжалуу жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн Германия, Австрия, Эстония, Латвияда эл аралык алмашуу жайынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылды", — деп билдирди мекеме.

Ошондой эле электрондук коммерция өнүгүп жаткандыктан ишкананын базасында санарипттик автоматташтырылган системалар киргизилгени кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости