www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлери бекиткен транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы товар айлантууну көбөйтүп, жүктөрдүн жеткирилишин тездетет. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин билдиргенин РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, КМШ премьерлеринин жыйыны Түркмөнстандын ордо калаасы Ашхабад шаарында өттү.

“Бүгүн транспорт боюнча иш-аракеттердин планы кабыл алынды. Инфраструктураны модернизациялоо, алдыңкы технологияларды колдонуу жаатында жигердүү иштеп жатабыз. Мунун баары ишкерлерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жүк ташууну тездетип, жалпы товар айлантууну көбөйтөт деген ишеним күч”, — деген Мишустин жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ал сунушталган чаралар жалпы жонунан Шериктештиктин ири транзиттик потенциалын ачып берерин кошумчалады.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости