www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын социалдык тармактарында видео тарады: анда божомол боюнча Бишкектеги Милициянын патрулдук кызматын башкаруу башкармалыгынын (УПСМ) имаратында иштеген адам жумуш маалында эротикалык көрүнүштөр камтылган фильм көрүп отурган учур тартылган. Бул тууралуу маалыматты svodka.akipress жазып чыкты. 

Башында көпчүлүк социалдык колдонуучулар видеодо милиция кызматкери көрсөтүлгөн деп ойлошкон. Бирок УПСМдин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөдү.

Маалыматка караганда, видеодо тартылган адам — патрулдук милиция кызматкери эмес, ал имараттын экинчи кабатындагы касса бөлүмүндө иштеген «Кыргыз почтасынын» кассири болуп чыккан.

УПСМ учурда бул жагдай боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын, тиешелүү маалыматтар «Кыргыз почтасынын» жетекчилигине да жөнөтүлгөнүн билдирди.

Последние новости