www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында көк бөрү боюнча аялдардын алгачкы командасы түзүлдү, бирок федерация буга каршы. Бул тууралуу Topsport.kg жазып чыкты.

Чүй облусунун Сокулук районунда көк бөрү боюнча өлкөнүн биринчи аялдар командасы түзүлдү. “Сары-Өзөн” деп аталган команда ат минүүгө жана улуттук оюнга ышкыбоз сегиз кыздын башын бириктирет.

Команданын биринчи машыгуусу 27-сентябрда болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, жаңы билдирмелер азыртадан түшө баштаган жана алар команданы кеңейтүүнү пландап жатышат. Мүчөлөр аялдар арасында ат спортун кеңири жайылтуу жана улуттук оюндун жаңы багытын өнүктүрүү негизги максаты экенин белгилешет.

Бирок Көк-бөрү федерациясы бул демилгеге тиешеси жок экенин жана расмий түрдө колдобой турганын баса белгиледи. Федерация өкүлдөрүнүн айтымында, көк-бөрү аялдын менталитетине туура келбеген оор жана кооптуу спорт.

Ошол эле учурда жаңы команда өзүн профессионал эмес, ышкыбоз катары көрсөтүүдө.

Последние новости