www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө министр БУУнун системасына саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды ырааттуу колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун агенттиктеринин медико-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө, медициналык жардамга тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу программаларына, ошондой эле оорулардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча демилгелерге кошкон салымын белгиледи.

Министр Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы командасынын негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, ооруларды дарылоодон — дени сак коомду калыптандырууга өтүүгө багытталган профилактикага өзгөчө басым жасады.

Последние новости