www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, «С5+1» аймактык диалог платформасынын алкагында кызматташуу, маанилүү кен байлыктар жана банктар аралык кызматташуу боюнча, ошондой эле КРдин жарандары үчүн АКШ визасынын жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости