www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форумунда “Кыргызстандагы гуманитардык-педагогикалык ЖОЖдор: фактылар жана негизги тенденциялар” аталышында презентация өткөрдү.

Анда, КМУнун ректору гуманитардык-педагогикалык багыттагы борбор калаадагы – 3, региондордогу – 7 жана мамлекеттер аралык – 4 жогорку окуу жайларын көргөзгөн.

Андан тышкары, 2 мамлекеттин гуманитардык-педагогикалык багыттагы ЖОЖдорунун педагогикалык кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыгы (академиялык мобилдүүлүк жана илимий ишмердүүлүк) тууралуу жана андан башка кызыктуу маалыматтар камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости