www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору соңку кездешүүдө чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы маалым болду. Эки өлкөнүн топографиялык топторунун жолугушуусу 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында өттү. Кийинки жолугушуу коңшу өлкөдө өтмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Бирок макулдашылган тилкелердин чоо-жайы тууралуу так маалымат айтылган жок.

Мунун алдында, ушул айдын башында эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан жана тараптар бул документ чек араны чечүүгө өбөлгө болорун билдиришкен.

Өткөн аптада Кыргызстандын атайын кызматы чек ара боюнча түрдүү кабар таратып жаткандарга эскертүү берген. Анда социалдык тармактарга жарыяланган Алайда Тажикстанга жерлер өтүп кетти деген өңүттөгү видео тууралуу комментарий берип, андагы маалыматтарды жокко чыгарган.

"Кайсы бир кызыкдар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарга жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт", - деп жазылган маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости