www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

3-декабрда Кыргызстандын М.Н. аттуу жараны Тажикстандын Сомониен айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жаткан учурда Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранына карата орой сөздөрдү айта баштаган. Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, ал таш ыргытууга айланган.

Жаңжалдын күчөшүнө жол бербөө максатында КР жараны аңчылык куралынан асманга 3 жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Окуянын чоо-жайын жана себептерин тактоо үчүн учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости