www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда курман болгон Нурсултан Жаныбековдун жаркын элесине арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жазып чыкты.
Буга чейин Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү мурдагы Мазар булак паркына ысымын түбөлүккө калтыруу максатында чек ара кайтаруу кызматы учурунда баатырларча курман болгон Нурсултан Жаныбековдун ысымы берилип, реконструкцияланган.
Курман болгон жоокердин үй бүлөсү тарабынан Нурсултандын жаркын элесине арналып тургузулган эстеликтин ачылыш аземи өттү.

Н. Жаныбековду эскерүү иш чарасына Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, аскер комиссары Таалай Токтомушев,маркум жоокердин атасы Таалайбек Жаныбеков жана анын үй бүлөсү, жакындары, Н. Жаныбековдун куралдаштары жана жоокерлер катышышты.

Калаа жетекчисиз өз сөзүндө маркум жоокердин мекен чегин кайтаруудагы эрдиги, кайратмандыгын белгилеп, келечек муунга үлгү, мекенге сыймыктуу уул болгондогун белгилеп, жакындарына көңүл айтты.

Иш-чаранын алкагында шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ата мекенге арналган ырлар көркөм окулду.