www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталып бүттү

Бүгүнкү күнгө карата кыргыз-тажик чек арасынын 928 чакырымы (94%) такталып бүттү. Бул тууралуу Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода билдирди.

Чек аранын калган талаш тилкелерин тактоо иштери уланып жатканын белгилеген Хожазода тараптардын сүйлөшүүлөрү боюнча кеңири маалымат берген жок.

"Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топтору быйылкы жылдын алты айында 12 жолу жолугуп, чек ара маселеси боюнча кыйла жетишкендиктерге жетти. Бул аралыкта жалпысынан 82,3 чакырым тилке такталды. Калган тилкелер боюнча өз ара пайдалуу чечим кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Эки тарап тең маселени консенсус жолу менен чечүүгө аракет кылууда", – деди Хожазода.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жабык өтүүдө. Ориф Хожазода "коопсуздукту камсыз кылуу жана чек араны тактоо иштерин ийгиликтүү аяктоо максатында сүйлөшүүлөр жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын" билдирди.

Последние новости