www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымын макулдашышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Булак: NazarNews.kg