www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул согушту Орусия гана токтото алат деп атышат. Андай эмес, бул согушту улуу шаман Шойгу гана токтото алат. НАТО таштап салган Украина Орусия менен бир сөзгө келүүгө жанталашып жатат. Алар НАТО болушат деп, орус бир туугандарына каршы чыккан, бирок НАТОдогулар жылмайып туруп Орусия менен согушуудан баш тартты.

Чукулда украиндер орустар менен келишим түзүп, алардын койгон талабына макул болорун Зеленскийдин айланасы айтып жатат. Орусия президенти Владимир Путин кыргыз тектүү улуу шаман Шойгуну бекер жерден Коргоо министри кылган жок. Себеби ал алдын-ала көрө билген көзү ачыктыгы бар. Путин көзүм өтсө артымда ишти улантып кетер Шойгу бар деп турат.

Шойгу жакпагандарын жок кылып, көңүлү толгондорун көтөрмөлөгөн шаманизм духуна ээ. Министрдин өзү - суперкурал, ал бир дивизия экстрасенстерден артыкчылык кылат! Мисалы, Шойгу Зимбабвенин коргоо министри менен жолугушат, африкалыктар орустардын жардамына кол шилтеп коюшат, бир нече убакыттан соң төңкөрүш болуп, бийлик алмашып кетет.

Шойгу вьетнамдык лидер Чан Дай Куан менен жолугушат, Шойгунун сунушуна моюн толгоп койот, бир айдан соң ал рактын белгисиз формасынан улам каза болот. Шойгу португалиянын өкмөт башчысы менен жакшы пикирде жолугушат, ал тез эле жогорулап БУУнун (ООН) генсекине секирип кетет.

Орусиянын оппозициясы менен батыш өнөктөштөрүнүн Орусиянын мамлекеттик түзүлүшүнө кине коюп жатканы чындык. Бир гана уникалдуу, күчтүү лидер бар. Калган саясий жайыт тамырына чейин чалгы менен чабылгандай. Батыш демократтары лидерден башка, анын чынжырына бекемделген бир нече саясатчыларды айтып жатат.

Алардын бири Сергей Шойгу. Аны батыштагылар мистика менен байланыштырат. 90-жылдардагы маалымдуулук атмосферасына бөлөнгөн учурда  пайда болгон НЛО, психотрондук куралдар жана башка магиялык маалыматтарды Шойгу менен байланыштырышат. Шойгунун мистикалык жана магиялык компетенциясы батышчылардын пикири боюнча ченемсиз.

Барын башынан Шойгунун пайда болушунан айтып көрөлү. Тува –Шамбаланы издеген абдан табышмактуу аймак. Бул жерде жергиликтүү жашоочулардын арасында шаманизм абдан өнүккөн. Жергиликтүү журналист Кужугет менен зоотехник Александранын уулу Сергей Шойгу байыркы эң күчтүү шамандар уруусунан.

Ал айтылуу «Манас» эпосунда жазылган Төбөй уруусунан, Манаста жазылган анын ата-теги Төбөйлөр менен кошулушат. Төбөйлөр кызылды ыроо тутушуп баркташат. Ошондуктан алардын борбору Кызыл шаары. Төбөйлөрдү орустар өз тилине ылайыктап тува деп коюшат. Төбөйлөр да байыркы эл, өздөрүнүн магиялык жөндөмдүүлүктөрүн сактап келатышат.

Чыңгызхан империясынын мыкты кол башчысы Сүбөдөй да төбөйлүк болгон, Чыңгызхан Сүбөдөйгө таянып ааламды бүт башкарган. Сүбөдөй (Субедей) 1241-жылы Легницте европалыктиардын бириккен аскерлеринин таш-талканын чыгарган.

Сергей Шойгу Ачинде прораб болуп көпкө отурган жок. Башында курулуштун жетекчилери болуп жүрүп, жаңы жаралган Орусиялык МЧСтин жетекчиси болуп келет. Эмне себептен ал МЧСке жетекчи болуп келди?

Башкысы Кудай кубат берген күчтүү шаман Шойгу капыстан келе турган оор кырсыктарды алдын-ала туюп, андан тышкары өзгөчө кырдаалдар Орусиянын башына түшкөндө, ал кесепеттерден жеңил чыгып кете турган касиеттерге ээ.

2012-жылы Сергей Шойгу Орусиянын Коргоо министринин ордун алат. Ушул жерден Сергей Кужугетович толук жүзүн ачты. Сергей Шойгу министр болгону Орусияда ПРО сыяктуу системалар жана башка энергиянын мобилдик континенталдуу тармактарынан азыктанган курал-жарактар пайда болуп, дүйнөнү сестентип турат.

Парапсихологиянын согуштук ыкмаларын алсак, кызыктын бары ушул жакта. Сейфте жаткан жашыруун документтерди  алыс аралыктиа туруп эле окуп койо турган жана компьютердик тармактарга сүңгүп кирип кете ала турган менталдуу кымалара түзүлгөн. Бекер жерден Батыш «киберфобия» дешип, «орус хакерлерин» канча иликтегени менен анын сырларын ача алышпай бушайман.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости