www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2022-жылдын 9 ай ичинде жалпысынан 271 миң 461 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 73 миң 851 жүргүнчү - эл аралык каттамдар менен, 197 миң 610 жүргүнчү - ички каттамдар менен ташылган.
Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта кайрадан жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 миң 851 жүргүнчү ташылган:
- Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт;
- Бишкек-Казан каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;
- Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт;
Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:
- Бишкек-1 – Токмок багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
- Бишкек-2 – Кайыңды багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
- Бишкек-2 – Рыбачье багыты боюнча жалпысынан 19 184 жүргүнчү, анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылган.
Булак: NazarNews.kg