www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан.

Бул факты Бишкек шаардык милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Натыйжада УКМК кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеодо көрсөтүлгөн жарандардын өздүгү аныкталып, алар 1991-жылы туулган Т.К., С.С. жана М.М. Тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү соттук лингвистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша мыйзамдын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат.

Бишкек ШИИББ жарандарды мыйзамдарды, мамлекеттик тилди урматтоого жана коомдук адеп-ахлак нормаларын сактоого чакырат.

Последние новости