www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Түркия Республикасынын ишкери, «ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketi» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, ошондой эле Түрк Дүйнөсү Эзгилери Фондунун негиздөөчүсү Йүксел Чагры Гүрсес жана анын командасы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө кыргыз маданиятын Түркия Республикасында жана жалпы түрк дүйнөсүндө жайылтуу, ошондой эле Түрк Дүйнөсү Эзгилери Фонду менен биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Тараптар чыгармачыл жамааттардын катышуусунда маданий иш-чараларды уюштуруу, маданий алмашууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоо багытында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилип, алдыдагы мезгилде конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу белгиленди.
Мындан ары тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, маданий дипломатияны өнүктүрүү жана кыргыз-түрк маданий байланыштарын мындан ары бекемдөө боюнча иштер улантылат.