www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан 17-ноябрь-Эл аралык студенттер күнү салтанаттуу белгиленүүдө. Ага ректор Айгүл Абдраева, проректорлор, курам жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Салтанаттуу кечеде, билим алууда өзүн-өзү уюштуруу жөндөмүн интеллект менен айкалыштыруунун бийик үлгүсүн, адептүү жүрүм- турумду, социалдык активдүүлүктү жана коомдук иштерде жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн университеттин 17 студентине атайын ректордук стипендия тапшырылды. Ошондой эле адептүү жүрүм- турумду, социалдык активдүүлүктү жана коомдук иштерде жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардак грамотасын 17 студент алды. Ал эми жарандык-патриоттук сезимди калыптандырууга, сергек жашоо образын жайылтууга кошкон зор салымы жана спорт боюнча эл аралык мелдештерде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн 4 студент КМУнун Ыраазычылык катына ээ болушту.

Ага кошо эле КМУнун Ыраазычылык каты Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы «Сибирь-Хоккайдо» туризм жана шаарлардын байланыштары борбору тарабынан уюштурулган Эл аралык япон тилинде оратордук чеберчилик боюнча конкурсуна катышып, ийгилик жаратып 2-орунга ээ болгондугу үчүн Японтаануу институтунун 2-курсунун студенти Селкинай Бековага тапшырылды.

Студенттер арасында патриоттуулук, маданий-интеллектуалдык деңгээлин жана медиа сабаттуулугун өнүктүрүү максатында уюштурулган “Мыкты репортер” аталышындагы сынакта байгелүү орунду багындырган 3 студент кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Бириккен профсоюз уюмунун Ыраазычылык каты менен окуудагы мыкты жетишкендиктери жана атуулдук активдүү позиция менен, адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген жарандык коомдун өнүгүшүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууда жаштар арасында гумандуулук жана боорукердик категорияларына негизделген этикалык, моралдык орнотмолорду калыптандырууга кошкон салымы үчүн 15 студент сыйланды.

Последние новости