www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолугат

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров сапардын алкагында Япониянын императору Нарухито, премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деди Азымбакиев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости