www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэри: «Чай бербегенге нааразы болуп жатышат»

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан. 57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене боюнча кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес.

15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун шаардык кеңештин депутаттарына айткан сынына жооп берди. Салман Назылбеков ушул күнгө чейин депутаттар мэрия менен чогуу-чаран иштешүүгө аракет кылып келатканын айтты: “Мэр Бакытбек Жетигенов “депутаттардын таарынычы” бар дептир. Мен бул убакка чейин мэр менен жолугуп, эл өкүлдөрү чет өлкөлөргө кызматтык сапарларга чыгышы керектигин айткам. Негизи бир долбоордун артынан бара жатканда Ош шаарына алынып келе жаткан техникалар болобу, башка нерсе болсо деле, эл өкүлдөрү кошо барып таанышып келгени жакшы. Анткени жалпы депутаттарга маалымат берет. Мэр “чай бербегенге нааразы болуп жатышат” дептир. Эч кимдин ачка калган жери жок. Мындан сырткары депутаттар айткан сынга чычалабашы керектигин айтканмын. Бирок ал сындагандарды колундагы ресурстары менен кысымга аларын ачык айтты”, - деди Салман Назылбеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости