www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Чунчхон-Пукто провинциясынын администрациясы, Чунгбук экономикалык форуму жана кыргызстандык BGlobal компаниясы менен биргеликте кыргыз жана кореялык ишкерлердин катышуусунда эл аралык бизнес-форум уюштурду.

Форумдун негизги темасы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык байланыштарды эффективдүү өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалы тууралуу айтып берди. Ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири жана приоритеттүү экендигине көңүл бурду.

Туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бири болгон «Жашыл экономикага» өтүүдө Корея Республикасынын жогорку көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, ал аймакта жашыл экономика тармагында инвестициялык долбоорлорду биргелешип Кыргыз Республикасында ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Форумдун жыйынтыгында тараптар шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана текстиль өнөр жай, транспорт, туризм жана туристтик объектилерди куруу сыяктуу негизги багыттарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн активдүү талкуулашты.

Ошону менен бирге, Чунчхон-Пукто провинциясына болгон иш сапарынын алкагында Choco Pie продукциясы менен белгилүү OREON фабрикасына, ошондой эле дан өндүрүүгө адистешкен Jeungpyeong Ginseng Nonghyup фабрикасына бардып,технологиялары менен таанышышты.

Последние новости