www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жал-15 кичи району 30-31-32-көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү жана ага чектеш (өтө жакын) Курчатов көчөсүндөгү №48, 46/4, 44, 44/1, 44/2, 44/3, 44/4 үйлөрдүн жашоочулары бүгүнкү күндө ал аймакта 8 сотых жерге салынып баштаган көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна каршы чыгып жатышат. Эмнеге каршы, анын да себеби толтура экен. Бул боюнча журналисттик иликтөөмдү баштадым. Азырынча чакан билдирүү кылайын, - деген пикирин журналист Сурат Жылкычиев билдирип, президентке жана Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. 

Төмөндө журналисттин кайрылуусу толугу менен: 

Жаңы курулуп жаткан турак жай бүт бойдон мыйзамды бузуулар менен башталганбы?

Биринчиден, ал жерге негизинен көп кабаттуу эмес, эки кабаттан ашпаган үй курулса болот делгенби? Көп кабат курганга болбойт, болбошу керекпи?

Экинчиден, биз барган учурда 3-кабаттын “сөөгү” (каркасы) тургузулуп бүтө жаздап, андан ары да кетип жатканы байкалды. Бийик коргондолуп, анын үстүнө козырек (калканыч) болуш керек эле, андай нерседен ныпым жок.

Үчүнчүдөн, курулушчулардын коопсуздугу каралган эмес. Ар бир кабатты тегерете торлор тартылышы керек эле, анысынан да дайын жок. Курулушчулар ачык эле башында кийген каскасы жок басып жүрүшөт. Мындай учурда бирөө жарым калпыс басып алып өйдөдөн ылдый кулап жандары мерт болгон учурлар жок беле? Буга ким жоп берет?

Төртүнчүдөн, курулуш “Кызыл сызыктан” чыгып кеткен. Анысы аз келгенсип ошо жердеги жашоочуларга келген газ түтүгү курулуштун ичинде калыптыр. Муну кандай түшүнсө болот? Мындан бир жума мурун курулушчулардын айынан газ түтүгү жарылып ошол жердеги жашоочулар өрт өчүргүчтөрдү чакырып жатып, араң өчүрүшкөнү маалым болду. Демейде горгаз өз түтүктөрүн коргоо үчүн жанын бергенге чейин барып, керек болсо күч структура кызматтары аркылуу тартипке салышат эмеспи. Бул жери кандай болуп калды же “Бармак басты көз кыстыга” салып ийиштиби?

Бешинчиден, ошо жердеги жашоочуларга эч бир тынчтык жок. Күнү-түнү дебей самосвалыбы, краныбы, бетон тарткан машинесиби тынымы жок келип, бүтүндөй жолдуу ээлеп алышканы аз келгенсип, жашоочуларга тез жардам, өрт өчүргүчтөр короого далай ирет кире албай калган жагдайлар болуптур.

Эми ошо салынып жаткан турак жайдын 1-кабаты чоң дүкөнгө эсептелиниптир. Ал жерге машине кантип барат такыр белгисиз. Бир машине араң баткан көчө, унаа токтотуучу жайдан дайын жок, балдар ойной турган аянтчаны айтпай тек коелу...

Алтынчыдан, жогорудагы үйлөрдүн жашоочулары бул боюнча арыз жазып алып барбаган жерлери, какпаган эшиктери калбаптыр. Бишкек шаарынын Мэриясы / МЭРИЯ города Бишкек,Башкыархитектура, райондук прокуратураларга, Жогорку Кенеш, Кабмин, Жогорку Сот, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, КРнын Президентинин Аппараты / Аппарат Президента КР, УКМКга жадагалса КР президентине арыз менен кайрылышыптыр. Барган жерлеринен ушу кезге чейин тиешелүү жооп ала албай келишет. Арыз ээлерин болбогон куру шылтоо менен “карап атабыз” деп коюшат экен. Карагандары кана, жанагы көзөмөлдөөчү ишканалар текей оттоп жүрүшөбү? Айлыкты “карап жатабыз” деп алышабы? Чындап келсе, бир кичинекей эле ишкана ташын талкан чыгарып, эмдигиче ал курулушту эбак токтотмок! Же сөзсүз түрдө эле ажо кийлигишүү керекпи?

Өңгөсүн коелу, жакында эле болгон боордош Түркия мамлекетиндеги жер титирөөдөн биздин жетекчилер сабак алган жокпу же сөзсүз түрдө эле ушуга окшогон күмөндүү курулушчулардын айынан үйлөрү кулап, бир канча адамдар набыт болуш керекпи?

Соңунда, курулуш материалдарына да кызыгып көрдүм. Мурун колдонулган (дат басып чирип баштаган) арматураларды көрүп алып төбө чачым тик турду!..

Урматтуу перзидент Садыр Жапаров Нургожоевич, УКМК башчысы КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ Кыдыршаевич, учурдагы жагымсыз нерселерди көрүп алып, Сиздерге тикелей кайрылууга аргасыз болуп атам. Чара көрүп бериңиздер, баары кеч болуп кала электе! - деп жазган кайрылуусунда Сурат Жылкычиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости