www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жоокери өзүн-өзү атып алып, көз жумду

Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, окуя 6-декабрда болгон. 18 жаштагы жоокер Э. Р. кокусунан өзүн атып алганы айтылды. Чек ара кызматы бул окуя куралды этиятсыздыктан колдонуудан улам болду деп билдирүүдө. Бардык медициналык жардамдар берилгенине карабай, жоокер алган жаракатынан көз жумган.
Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган. 20-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганын кабарлаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости