www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри, Улуттук музейдин учурдагы директору Арыстанбек Мухамедиулы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өлкөнүн Антикоррупциялык кызматы Улуттук музейден бюджетке тиешелүү 146 миллион теңгенин жоголушу боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы белгиленди. Анын алкагында Мухамедиулы кармалып, 28-майда эки айга камакка алуу чечими чыккан.

Буга чейин музей директору аны кармоого даярдык жүрүп жатканын угары менен кан тамырын кесип жибергени кабарланган. Бирок маалымат катчысы аткаминер өз жанын кыюуга аракет кылбаганын, бутунда жаракаты болгондуктан ооруканага жаткырышканын билдирген.

Белгилей кетсек, Арыстанбек Мухамедиулын кыргызстандыктарды шылдыңдоо сөзүнөн кийин көбү таанып калган. Ал 2016-жылы маданият жана спорт министри кезинде кыргыздардын кыздары Москвада ажаткана тазалап жүргөнү зээнди кейитет деген кыязда айтканы бир гана кыргыз коомчулугунда эмес, коңшу казакстандыктар арасында да нааразычылыктарды жараткан. Бул боюнча Кыргызстандын ТИМи Казакстандын элчилигине нота жиберген. Кийин Мухамедиулы кечирим сураган.

Андан кийин министрдин студент кызга асылган окуясы жарыяланып, ызы-чуунун чордонунда калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости