www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте социалдык тармактарда элди улутка бөлүп-жарган билдирүү жазып, 1 жылга соттолгон жарандын (аял киши) иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Иш 23-ноябрда каралып, шаардык сот буга чейин чыгарылган чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Эскерте кетсек, буга чейин 13-сентябарда Биринчи май райондук соту Е.В. аттуу жаранды кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазаа мөөнөтүн катуу режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Маалым болгондой, айыпталуучу быйыл апрель айында өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын жарандарынын улутун кемсинткен, бир улуттун башкалардан артыкчылыгын үгүттөгөн билдирүү жазган. Анын посту социалдык тармактардын колдоонуучуларынын сынына кабылган.

Сотто айыптоочу тарап, ал жарандын жазгандары улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, билдирүүнү мас болгону үчүн жазганын айткан. Ал жазган сөздөрү үчүн өкүнүп жатканын, абакка камоодон башка жаза берүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости