www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын күнүмдүк каада-салттарын билесизби?

Накыл сөздөр. Көлдүн күңгөйүндө (Ысык-Көл району, Корумду айылы, Турдакун уулу Жунушбай кезегинде айыл билермандары аталып, кеп-сөзгө эгедер, мыкты карыялардан болгон. Байбичеси Мария уз, үйүнө эски салттуу нускалар мыкты сакталган). Жунушбай атанын мурунку карыялардан угуп айтаны: «Анжияндык айры сакал сынчы Сынчыбекке Бугунун атактуу манабы Боромбайдын уулу Өмүрзак:

- Кадырман сынчым, бу дүйнөдө эмне жаман? - деген суроо коет.

- Эл-журтту бийлеп жүрүп, ошону билбейсиңби? - деп туруп, сынчы Сынчыбек бармак баштарын жуумп, санай баштайт:

Эмесе жакшылап угуп тур:

1-жаман: Бирдиги жок эл жаман,

2-жаман: Энеси жок кыз жаман,

3-жаман: Үлгүсүз бычкан иш жаман,

4-жаман: Төрөсү жок эл жаман,

5-жаман: Уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,

6-жаман: Кочкору жок кой жаман,

7-жаман: Токсонго чыгып тоголонгон чал жаман,

8 жаман. Сендей олуттан калган чоң жаман.

Жунушбай карыя карыялардан калган сөз деп адамдардын жаш өзгөчөлүктөрү тууралуу минтип айткан:

Он жаш улак (улакча секирип ойнойсуң).

Жыйырма бычак (өткүрсүю).

Отуз өгөө (кесип түшөсүң).

Кырк кылыч (көрүнгөнгө шилтейсиң).

Элүү найза (токтоо чак).

Алтымыш аркан (айылдан анча узабайсың).

Жетимиш-тушамыш (мушалуу чак).

Сексен чидер (үч буттайсың).

Токсон-тоголок (тоголонуп, буйдалып капасын).

Жүз кумалак (кара жер жаздандың, бүттүң).

Албетте, мындай сөздөрдү уга жүрүү, муундарга накыл болуп калат.

Улуттарда төргө өтүү расими. Алмуздактан куттуу үйдүн төрүнө өтүү салты бар. Боордош Тува, Алтай элдеринин айтымын да мындай расмилер сакталып келүүдө: төргө биринчи эле кара кыргыздар өтөт дешет. Ал чыныгы байыркы кыргыздар экен. Т.а. бизбиз. Баарынан урматтуубуз.

Төргө экинчи эле «шор кыргыздар» дейт, анысы алтайлыктар Тили, дили бизге жакын келишет.

Төргө үчүнчү хакас кыргыздары өтүүдө...

Анан төртүнчү «тоо кыргыздары» деп аташат. Ал тувалыктар. Төрдөн бешинчи болуп «качак кыргыздар» орун алышат. Булар биз менен боордош, дордош, төшүндө малы, төрүндө жаны, төшөгүндө жары бирге эгиз эл болуп келе жатышкан казак туугандар болуп саналат.

Жолдоштуктун үч түрү. Жекече жашоодо үч түрдүү жолдош күттүм.

Биринчиси: «Сен китеп, газета-журналдарга макала жазып жатасың. Радиодон сүйлөйсүң, теледен чыгасың. Бир кесипти тандап алып ошонун артынан сая түшүп жүрөсүң, мунун өзү эле элге керектүү, жакшы нерсе, ушул жолундан жазба» - дешет.

Экинчиси: «Ой, сен тынбайсың, макала, китептерин чыгып жатат. Теле радиодо сен барсың. Ошолордон айына канча акча табасың?» - дейт.

Үчүнчүсү: «Эсиңдеби, ошондо аныкынан ичтик жана дагы бирди үйдөн ичтик, үчөөбүз үч жакка кетиптирбиз».

Албетте, мындай көрүнүштөр жалпыга тиешелүү болсо керек.

Демек, жолдоштор да ак ниеттүү, дили таза жолдош, дүйнөкор жолдош жана аракеч жолдош өңдүүлөргө бөлүнөт. Көшөгө ыйык.

«Келинге тартан көшөгө,

Көгөрө бербейт өзү эле.

Элинен бата алганда,

Ал «көгөрөт» дечү эле». (Райкандын термесинен)

Бул-үйдүн бир капшытын далдаалап турууга тартылган кездеме буюм. Ошол капшытка уул-келин жатат. Колуктуну алып барып, ошого киргизишет да, анын ичинде кайын сиңдилери, айылдын кыз-кыркындары колуктуга маанек болуп олтурушат. Баардашат, таанышат, үйүр алышат. Тилекке каршы азыр айрым аймактарда колукту алып келген жигиттин адепсиз, ыймасыз жолдоштору күнү-түнү олтурушуп, кыз-кыркындарды кууп чыгышып, ойдо жок жоруктарды баштап, куттуу көшөгөдө арак-шарап ичишүүдө.

Адатсыздар өбүшөт. Колуктуга ичкилик ичиришет. Бул ата-энелердин, ага-туугандардын, төркүн-төстөрүнүн баба салтын, эне адебин баар албоосу. «Көргөнү», «Өскөнү» жаман деген наалатка калышат.

«Күзгүбү, таракпы?». Бул - жаштардын тамашалуу оюндарынын бири. Мында көрүнө элек эки жолдоштун бирөө акырын байкатпай келип, беркинин көзүнөн басып: «Күзгүбү, же таракпы?» - деп сурайт. «Күзгү» - десе, колун дароо тартып алат. Шашып, «тарак» деп жиберсе, колун тартып учурашат. Бул эки теңтуштун тамашалуу жолугушуусу болуп саналат.

Далдалчы (ортомчу). Бул-абалы, базары абдан өнүккөн Орто Азия элдеринде пайда болгон салт. Бирөөлөр базарга мал айдап барат. М.а. базарда арага түшүп, сатуучу менен алуучунун мамилесин жөнгө салган адам.

Кийинчерээк кыргыз жергесинде мал базарлар уюшулуп, ортодон далдалчылар чыга баштады. Азыр алар «ортомчулар» деп аталат. Ал үчүн мал сатуучудан белгилүү өлчөмдө акча-тыйын өндүрүп алат. Бүгүн ич ара макулдашуулары боюнча акча табуучулар, муну атайын кесип тутуучулар бар.

Баш ыргытуу. Бул - жакшылыктын жышаанасы. Бир өтөөлүү иштердин натыйжасы үчүн жандыкты курмандыкка чалуу, т.а. кыргыздар боз үйдүн түндүгүн адеп көтөрүү учурунда ага атайын арнап кой-эчки, а мүмкүн, бардарлар тай-торпок союш салты бар. Бул устун көтөөрүүдө да бар.

Ал аркылуу кутмандуу карыялардын, набат байбичелердин, журт жакшыларынын, билермандарынын, улук тардын баталарын, алкыштарын алуу наркы болгон.

«Ушул үй куттуу болсун», «балдар төрөлсүн, кыз чыксын, алардын дендери сак, курсактары ток, көңүлдөрү чак болсун», «Үй ээсинин мартабасы артылсын»... Мисалы, карыянын балага бата тилегени:

«Өмүрүң бек болсун,

Акылың көп болсун.

Сөздөрүң эп болсун,

Төгөрөгүң төп болсун,

Душманың жетпесин,

Дөөлөтүң кетпесин.

Көңүлүң көктөсүн,

Кыдыр Алек салам жолдосун, Оомин, аллоху акбар!»

Кайгыга чөкпөсүн,

Баглан. Баглан козу - куйруктуу козу.

«Аткарып элдин буйругун,

Аскадан кармап туйгунун.

Бооруна кошуп чайнасак,

Баглан козу куйругун.»

Салтыбызда куйрук майы өтө курчуй элек, жүрөккө анча тийбеген, жегиликтүү келген, «куйрук боор кылууга» шартташкан козу, «баглан козу» деп аталат. Кыргыздын жайдары койлору - ак, кызыл, кара, көк болот.

Адатта, кыргыздар уяттуу меймандарга куйругу бар, «куйрук боор» жасоого ылайыктуу кара козу союшу - анын салтты даана сакташы. Мунун ак сорпосу сөзсүз «ак серке» үчүн табылгыс даам, тамакты мыкты сиңирет.

Жапма челек. Бул - көбүнчө бозо ичүүлөргө карата айтылуучу адат. Челек-жарма, бозо, ачытуучу жыгач идиш. Айрым пейили тарлар бозосун өзүнчө кызганат. Жапма - бозону башкаларга көргөзбөө, жашыруун сүзүүсү. Кээде көңүлү сүйгөн адам менен алдыртан гана чакырышып сүздүрүүсү. Ушундан жапма челек аталып калган.

Маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости