www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай сунушту кимдер биздин ажобузга таңуулап, аны мажбурлап жатат? – деген көйгөйлүү суроо жаралат. Биринчиден, дүйнөдө канча диндер жана анын тегерегиндеги жүздөгөн диний агымдары бар? Ошолорду билүүгө мектептин окучууларына кандай зарылдыгы бар?

Экинчиден, азыркы кезде, дүйнөдө башаламандык күчөп, адамзат интернеттин кулу болуп калган учурда, кыргыздын жаштарына дүйнө диндерин деги кереги барбы? 

Бир жылдан кийин, 2023-жылдан баштап, мектептерге диний сабактар киргизилип, окутулсун деген Буйрукка Садыр Жапаров ажобуз колун койду. Болуптур, окутулсун дейлик. А бир ак...

Ооба, бир ак жагы бар эмеспи. Ошончолук диндерди иликтеп атайын жазылган окуу китептери деги бизде барбы? Жок да. Болушу дагы мүмкүн эмес. Аларды кимдер жанталашып чукул арада жазышат? Мисалы Ислам дини жаралганда эле, эки ачакей шийит жана суннит деп бөлүнгөн.

Ошонун негизинде, исламчылар ушул күнгө чейин бир бирин жек көрүп, кырылышып келишет. Азыркы Сириядагы согуш дал ушунун айынан токтобой келет. Демек, дин адамдар үчүн эмне? Бөлүнүү жарылуунун башаты. А бүгүн, ислам диндин агымдары жүзгө жакындады. Андансоң христиан, православ, католик, братья иеговы сыйактуу...

Булардын ыйык китеби Библия. Ветхий завет, Старый завет, Новый завет сыйактуу. Буддизм. Зараустра жана башкалар. Керек болсо, атеизм дагы диндин бир түрү. Алардын моралдык кодексиндеги идеологиясы дагы Куран жана Библия менен үндөш. Айтаберсек диндер агымы уланып кетеберет.

Ушул жактарын эске алганда. Кыргызстанда бир дагы диндин жаралышын, уланышын, өзгөрүшүн билген, жок дегенде, бир адис барбы? Албетте жок. Анан кайсыл илимий булактарга тайанып, диний сабактарды мектептерге киргиземин деп, ажо иним, ээлигип Указка кол койуп жатасың?

Чийки төрөлөлек кандуу түйүлдүктү эле, күчтөп төрөтүп, анын эркек же ургачысын да билбей туруп, ошол жансыз түйүлдүктү окучууларга көрсөтүп, окутушабы?

Баарынан дагы кызыгы, баардык мектептерге кайсыл илимий китептердин негизинде, сабатсыз самопал мугалимдер сабак беришет? Иштелип чыккан окуу куралдары жок болсо, жалпы дүйнөлүк диндер бойунча такшалган адистер да караманча болбосо, анан кайдагы сабактарды, эмненин негизинде сабатсыз мугалимдер өтүшөт?

Андан тышкары материалдык каражат базасы кайсыл булактардан каралат? Орусча айтканда, эта бредовая затея ишке эч ашпайт. Болгону, дешевый популизм, же бирөөлөрдүн тапшырмасын аткаруу.

Бизде эки тилде мектептер бар. Кыргыз жана орус тилинде. Андыктан, жаңы диний окуу китептер эки тилде чыгарылышы зарыл. Жаңы кадрларды окутуп дайардоо. Аларды кимдер окутат? Демек...

Демек, ушул түйшүккө коомчулукту батырган идеяны, биздин ишенчээк ажобузга кимдер таңуулап мажбурлап жатат? Садыр Жапаров ажобуз, эмне, жомоктогу сыйкырчы болуп алганбы? Жансыз жана жагымсыз Указка колун койсо эле, ошондогу көздөгөн ой максат, ошол замат ишке ашып калчудай. Арга жоктон, таңкаласың.

Урматтуу Садыр Нургожоевич иним! Азда болсо, акыл пештеп, ой калчап туруп, анан Указга кол койсоң, өзүңдүн да абройуң түшпөйт эле да. Туурабы? Видимо, у вас окружение не только бездарное, но и, враждебное. Гоните к черту всех тех, кто вас поставляет и форменным образом издевается над вами.

Мелис Арыпбек – эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости