www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мугалимдер менен студенттер бийликтин "дежурный күчү" болуп калды, деп эсептейт депутат Адахан Мадумаров. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шайлоодо жардам керек болгондо мугалимдер жардамга келет, залдар толбой калганда студенттерди ал жакка жөнөтүшөт.

Мадумаров мугалимдерди, ректорлорду мындай саясий иштерден бошотууну талап кылууда.

"1861-жылы Россияда крепостнойлук жоюлган. Биздин мугалимдерди эми бул крепостнойлуктан ажыратуу керек. Мынча студент алып келесиңер, антпесе сөгүш аласыңар деп талап коюшат. Муну акыркы шайлоолордо да көрдүк", -  деп белгиледи депутат.

Билим берүү министринин орун басары Абазбек Расул уулу мугалимдерди шайлоо процесстерине катыштырбоо керек дегенге макул экенин билдирди.

Ошол эле учурда Бактыбек Сыдыков менен Аида Исатбек кызы Билим берүү министрлигинин президентке улуттук макамы бар ЖОЖдордун ректорлорун дайындоо укугун берген демилгесине каршы чыгышты. Алар азыркы мыйзамда белгиленгендей ректорлорду университеттин жамааты шайлашы керек деп эсептешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда төрт университет “улуттук”, 29у “мамлекеттик” макамга ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости