www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен бирге өткөргөн брифинг учурунда Киев тынчтык орнотуу үчүн өлкө аймагынын бир бөлүгүн өткөрүп бериши керектигин мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Украина тынчтыкка жетет. Бир гана суроо — бул тынчтык үчүн ал кандай курмандыкка бара алат? Мисалы, аймактык бүтүндүктөн, эгемендүүлүктөн, эркиндиктен баш тартууга туура келиши мүмкүн. Бул өтө оор моралдык дилемма", — деди ал.

Столтенбергдин айтымында, альянс Киев бийлигин колдоону улантат, бирок ошол эле учурда Орусия менен кагылышууга жеткирбөө үчүн бардык аракетин жумшайт. Ошондуктан уюм Украинанын аймагына өз аскерлерин жөнөтүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө азыркы кризистен чарчап баратканын, ошол себептүү үчүнчү күчтөр Киевди өзү үчүн пайдасыз болсо дагы Москва менен келишим түзүүгө түртүп жатканын айткан.

Ал эми Орусия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага бардык талаптар айтылганын, бирок Киев сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости