www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврокомиссиянын башчысы Киевге келип кетти

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Украинанын Евробиримдикке кошулушун колдоорун билдирүү максатында 11-июнда Киевге келгенин Bloomberg жазды.

Бул сапар алдын ала расмий айтылган эмес. Фон дер Ляйен президент Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинанын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүн, согуштук аракеттерден кийин мамлекетти калыбына келтирүү жолдорун талкуулайт.

Еврокомиссия башчысы Орусиянын Украинага басып киргенден бери Киевге экинчи жолу келди. Биринчисинде Урсула фон дер Ляйен жүздөгөн жайкын тургундар набыт болгон Киев аймагындагы Буча шаарына да барган.

17-июнда комиссия Евробиримдиктин мүчөлөрүнө Украинага уюмга кирүүгө талапкер макамын берүүнү сунуштайт, бирок өлкө мыйзам үстөмдүгүн сыйлап, коррупцияга каршы активдүү күрөшөт деген шарт коюлары күтүлүп жатканын Bloomberg булактарына таянып билдирген.

Бул чечимди блокко мүчө 27 мамлекеттин баары колдошу керек. Эгер колдоо тапса, Украина Евробиримдиктин бардык эрежелерин жана стандарттарын сактоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзүүгө туура келет. Бул процесс он жылдан ашык убакытка созулушу мүмкүн.

Нидерланд, Дания, Швеция жана Португалия сыяктуу кээ бир мамлекеттер Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнөн күмөн санашат. Алар өлкөдө биримдиктин бардык принциптери сакталбайт деп эсептешет.

Ошол эле учурда Польша, Литва жана Ирландия өңдүү өлкөлөр согушта Украинанын талапкерлигин колдоо өлкө үчүн моралдык жактан жакшы өбөлгө болот деп эсептешет. Фон дер Ляйен өзү да “Украина Европа үй-бүлөсүнө таандык” деп бир нече жолу билдирген.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, 28-февралда президент Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына кол койгон. Украин премьер-министри Денис Шмыгал өлкө “уюмга атайын тартип менен, шашылыш кирерин” айткан эле. 2-мартта Европарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер деген макам берген.

Евробиримдиктин лидерлери 23-24-июнда Брюсселде өтө турган кезектеги саммитте Украина боюнча комиссиянын корутундусун талкуулашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости