www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости