www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 14-апрелинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды.

Бул дайындоо ишкананын башкаруу потенциалын күчөтүүгө жана анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууларды жакшыртууга багытталган.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамааты менен жолугушууда жаңы жетекчи иштин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Алардын катарына процесстердин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык тартипти бекемдөө, ошондой эле сатып алууларды пландаштыруу жана көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү кирет.

Ошондой эле жамаат менен ачык өз ара аракеттенүү маселелерине жана ишкананы мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Маалымат үчүн:
Акылбек Туратбек уулу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ.

Мамлекеттик органдарда көп жылдык иш тажрыйбасы бар. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында иштеп, анда эксперт, инспектор жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары кызматтарын ээлеген.

Последние новости