www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызнефтегаз» ААК менен Кытайдын Sinopec компаниясынын ортосунда мунай-газ тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кыргызнефтегаздын» төрагасы Самсаалы Четимбаев баштаган жумушчу топ Sinopec компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барып, мунай-газ инженериясы жана геофизикалык технологиялар боюнча иш-чараларга катышкан.

Иш сапардын алкагында заманбап бургулоо ыкмалары, геофизикалык изилдөөлөр жана мунай-газ кендерин чалгындоонун жаңы технологиялары талкууланды.
Ошондой эле Sinopec компаниясынын адистери Алай бассейни боюнча буга чейинки геологиялык жана геофизикалык маалыматтарды карап чыгып, анын мунай-газ потенциалын изилдөөдө заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштарын беришти.

Кытайлык компания Алай өрөөнүндө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү багытында «Кыргызнефтегаз» менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Алдын ала баалоолор боюнча, Алай бассейнинин мунай ресурстарынын потенциалы 2–4 млрд тоннага чейин болушу мүмкүн.

Бирок бул көрсөткүч алдын ала эсеп болуп саналат. Ресурстардын так көлөмүн аныктоо үчүн кошумча комплекстүү геологиялык жана геофизикалык изилдөөлөр талап кылынат.

Иш сапардын жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ААК менен Sinopec Geophysical Corporation компаниясынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Последние новости