www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызнефтегаз» ААКтын мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында «Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчиси аталган ишкананын 383 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2019-жылы ал «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык «Газпром» ААКсына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өз ыктыяры менен “Кыргызнефтегаз” ААКнын аффилирленген жактарына таризделген жалпы суммасы 65 615 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп берди.

Последние новости