www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пенсияга бөлүнгөн дээрлик 1 миллион сомду почта кызматкерлери кымырып алганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын бүгүн 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
“Биз карап чыктык. Жалган маалымат болуп чыкты. Аны төгүндөгөн билдирүүнү өзүбүздүн сайтыбызга жарыяладык",- деди Алиев.
7-декабрда Башкы прокуратуранын расмий сайтына Сокулукта «Кыргызпочтасы» ишканасы боюнча текшерүү жүргөнү, жыйынтыгында 985 миң сомду почтанын жооптуу кызматкерлери жымырып алышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда кылмыш иш козголуп, мекеменин башкы бухгалтерине, чарба бөлүмүнүн башчысына жана операторуна айып тагылып, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулганы айтылган.
Кыргызстанда пенсия ар бир пенсионердин каалоосу боюнча банк эсебине же почта аркылуу колуна берилет.
Булак: NazarNews.kg