www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызсериал” мамлекеттик мекемеси тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак социалдык тармактар жана санарип платформалар үчүн кыска, динамикалуу жана заманбап сериалдарды жаратуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул демилге жаш режиссёр, сценарист жана продюсерлерди колдоого багытталган.
Сынактын шарттары:
Тематика жана мазмун:
Сынакка маданий жана социалдык мааниге ээ долбоорлор кабыл алынат. Алар төмөнкү багыттарды камтышы зарыл:
Сынакка юридикалык жактар (жеке студиялар) катыша алышат. Ар бир катышуучу бир гана долбоор сунуштай алат.
Талап кылынган материалдар:
Белгиленгендей, документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30-апрелде аяктайт.
Өтүнмөлөрдү [email protected] дарегине жөнөтүү керек.
Байланыш телефондору: 0312 54 57 53, 0705 49 67 49, 0706 88 08 78.