www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекет парадокс өзүнчө эле. Ойго келбеген, түшкө кирбеген абсурд көрүнүштөр көп. 

Дегенибиз, улам бир каржы уюмдарынын, эл аралык валюталык фонд, банктардан гранд, насыя сурап жүргөн өлкө жетекчилери, 51 миллион долларга мечит, 320 миллион долларга мейманкана салганы жатат. 

Мечиттер бизде укмуш көп. Бери жагы 3 миңдей бар. Анан ошол жетпей жаткансып дагы бир мечит салынганы жатат! Болгондо да 20 миң орундуу...

Билимдүү өлкө бололу, экономика өссүн деген сезим жок экени күйдүрөт. Мектеп, оорукана жетишсиз. Бир класска 40-50дөн бала тыгылып окуп жатышат. Ошол 51 млн АКШ долларына 7 дубанга 51 мектеп салса, улут менен тарых алдында унутулгус сооп тапмак эле го... Эл атасы, тон жакасы болгондордун акылы бар, эси жок кылыгына "Эх!" дегенден бөлөк айла жок. 

Мына ооруканаларда палата жетишпей коридорго чейин жатып калган окуялар арбын. Адистер жылына бизде 20 миңдей адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумат экен. Ошолордун 70-80% адистешкен  ооруканалардын жоктугунан, убагында жардам берилбегенинен жашоо менен кош айтышат. Ошондуктан, 50 миллион долларга Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларына көп профильдүү, ар бири 500 койкадан турган заманбап оорукана салып берсе кандай сонун болмок дешип врачтар күйүп-бышып жатышат. Чынында, отуз жылдан бери бир чоң больница курулбады. Анан эмнеге эле мечит, мейманкана салганга жармашабыз. 

Жумушсуздук болсо күч. Элибиз ар кайсы өлкөгө тентип, иш издеп кетип жатышат. Отуз жылда 10-20 миң киши иш менен камсыз болгон жарытылуу бир фабрика же завод курулбады. 

Анан эле мектеп, бала бакча, спорт комплекстерин, фабрика, завод дегендерди салгандын ордуна, мечит, мейманкана курабыз дешип, оңбогондой жерди берип салган кандай акылга сыйсын. 

Мына, Стамбулдагы Султан Ахмет мечитине 10 миң киши батат. Жума жана айт намаздарында гана толот. Бишкектеги Имам Сарахси борбордук мечитине 10 миң киши батат. Борбордук Азиядагы эң чоң мечит. Жума жана айт намаздарында гана толот. 25 миллион доллар сарпталган. Анан жөнү жок эле, Орто-Сайга 20 миң кишиге ылайык, 51 миллион долларга  сарптап жаңы мечит куруу кимге пайда?.. Эмнени адалдап жатабыз? Кыргызстан мошенник, уурулардын бейишине айланып калган жокпу?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости