www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы футзал боюнча Азия кубогун Кыргызстанда өткөрүү үчүн талапкерлигин Азия футбол конфедерациясына (АФК) расмий сунуштады.
Турнирди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн АФКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, мелдеш өтө турган спорттук залдар, мейманканалар жана башка инфраструктуралык объектилер менен таанышты.
Инспекциянын жүрүшүндө адистер оюн жана машыгуу залдарынын даярдыгын, командалар жайгаша турган мейманканаларды, транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле турнирди уюштурууга керектүү инфраструктураны карап чыгышты.
Ошондой эле АФК өкүлдөрүнө командалар үчүн түзүлө турган шарттар тууралуу маалымат берилди.
Инспекциянын жыйынтыктары жана Кыргызстандын сунуштаган документтери каралгандан кийин 2028-жылдагы футзал боюнча Азия кубогун өткөрө турган өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат.