www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-февралда Ленинградды коргоо жана блокадалоо мамлекеттик мемориалдык музейинде "Ленинград блокадасы: эстей жүр" аттуу Санкт-Петербург — Бишкек — Минск — Москва видеокөпүрөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2023-жылы жайында жарык көргөн Ленинград блокадасы боюнча жыйнак тууралуу кенен маалымат берилип, экинчиси тууралуу кеп болот.

Бишкектеги катышуучулар Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын музейи жана анын жасаган иштери боюнча айтып беришет.

Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери жана Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери Ленинград блокадасы боюнча эскерүү иш-чараларына жаштардын катышуусун талкуулашат.

Иш-чарага ошондой эле Ленинград блокадасына катышкандардын кыргыз коомунун өкүлдөрү, "Говорит Москва" радиостанциясынын башкы директору, Россиянын жана Беларустун "Достор – Сябры" журналисттер коомунун жетекчилери катышмакчы.

Аккредитация үчүн телефон, электрондук даректер: +7 921 358-97-48, [email protected].

Булак: NazarNews.kg

Последние новости