www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бонн шаарында (ГФР) БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) Бонн процесси алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Бонн конференциясынын маанилүү иш-чараларынын бири катары 12-июнда Кыргызстандын демилгеси менен COP30 чечимине ылайык уюштурулган Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог өткөрүлдү. Талкууга 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар, академиялык чөйрөлөр жана жергиликтүү жамааттар катышты.

Республикасынын делегациясы эл аралык климаттык күн тартибинде тоолуу аймактардын өзгөчөлүктөрүн кеңири эске алуу жана тоо маселелерин БУУ КӨАКтын мандаттарына жана иш программаларына интеграциялоо зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө көңүл мөңгүлөрдү сактоо, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча потенциалды жогорулатуу, тоолуу жамааттарды адаптациялоо жана тоолуу өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерине бурулду. Диалогдун жыйынтыгы боюнча Түркияда өтө турган COP31 конференциясынын кароосуна сунуштарды камтыган отчет даярдалат.

10-июнда Андорра, Кыргызстан, Непал жана Бутан өлкөлөрү Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү маселелерин илгерилетүү: SBSTA 64 диалогу, COP31 жана кийинки кадамдар” аттуу тематикалык иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага мамлекеттердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, илимий коомчулук, жаштар жана жергиликтүү элдер катышты.

Өз сөзүндө Динара Кемелова өлкөнүн тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун бекемдөө боюнча демилгелерин тааныштырды. Алардын катарына тоолуу өлкөлөр үчүн атайын каржылык механизмдерди түзүү, карыздарды климаттык демилгелерге алмаштыруу инструменттерин өнүктүрүү, ошондой эле адаптация жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу программаларын кеңейтүү кирет.

Кыргызстандын төрагалыгы астындагы Тоо тобу COP31дин төрагалыгы (Түркия жана Австралия) менен консультацияларды өткөрдү. Тараптар эл аралык сүйлөшүү процессинде тоо күн тартибин мындан ары илгерилетүү, анын ичинде потенциалды жогорулатуу, атайын иш-чараларды өткөрүү жана тоолуу өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле БУУ КӨАК алкагында Кыргыз-Корея климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин биринчи жыйыны өттү. Анда Париж макулдашуусунун алкагында парник газдарынын эмиссияларын кыскартуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергия, климаттык каржылоо жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Иш-чараларда жана ГЭФ, Адаптация Фонду, ошондой эле бир катар чет өлкөлөр менен өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык аянтча болуп кызмат кыла турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммити жөнүндө маалымат берди.

Последние новости