www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 0,701 көрсөткүч менен БУУнун Адамзат өнүгүү индекси боюнча жогору өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ, 13-мартта БУУ Адамзат өнүгүү индексинин жаңыланган маалыматтары жарыяланды. Анда Кыргызстан 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 193 өлкөнүн ичинен 117 көрсөткүчкө чыкты.

"Бирок эң негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) менен "жогору" өнүккөн өлкөлөр тобуна кирдик! Буга чейин биз орто өнүккөн мамлекет болчубуз", - деп жазды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Байсалов бул башталышы гана экенин, анткени азыр бир жыл мурдагы статистика гана эске алынганын белгиледи.

"Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117- орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. "Жакшы болуш аста аста" дейт эмеспи, ынтымак болсо жергебизде, бай мамлекеттердин катарына кошулуу - өзүбүзгө эле көз каранды", - деп жыйынтыктаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости